Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Инвесторлорго

Кыргызстандын курулуш рыногунда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар «Имарат Строй» ЖЧК урматка татыган жана тынымсыз өнүгүп жаткан курулуш компанияларынын бири болуп саналат. Устат адистердин билимине жана тажрыйасына таянуу менен биз кандай гана татаал болбосун долбоорлорду иштеп чыгабыз жана биздин команданын философиясына карама-каршы келбеген кандай гана болбосун сунуштарды карайбыз.

«Имарат Строй» компаниясы мамлекеттин саясатына такыр көз каранды эмес жана бардык объектилерде курулуш иштерин толугу менен көзөмөлдөйт. Курулушка жана имараттарды монтаждоодо пайдаланылган темир жана жыгач буюмдарынын көбүн өзү чыгаруу менен,  андан тышкары өз бетон заводу менен жаңы технопаркка (тактап айтканда, өлкө боюнча эң көп мунара крандарына) ээ болгон биздин компания иштин мыкты сапатын ишенимдүү кепилдейт.

Кыргызстандын курулуш рыногунда «Имарат Строй» компаниясынын туруктуу позициялары иштин сапатын гана көргөзбөстөн, ошону менен катар биздин өнөктөрдүн ишеними менен өз ара үзүрлүү кызматташтыгыбыздын ачык көрсөткүчү болуп саналат. Биз ишенимдүү жана келечектүү долбоорлорду сунуштайбыз, алардын ар бири алдыда кандай рынок мүмкүнчүлүктөрү менен тобокелдиктери болорун маркетингдик изилдөөдөн өткөрүлүп турат.

Ачык жана заманбап компания катары биз инвесторлордун салымдарынын сакталышына кам көрөбүз жана сиздер салган долбоорлордун финансылык отчеттуулугунун ачыктыгын кепилдейбиз. Бизге телефон чалыңыздар же өз суроо-талаптарыңыздарды электрондук почта аркылуу жибериңиздер. Биз сиздерге каражат салуунун жана аларды көбөйтүүнүн ишенимдүү шарттарын кепилдөө менен жаңы долбоолорду реализациялоого дайыма даярбыз.