Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Буйрутмачыларга

Өз ишинде «Имарат Строй» компаниясы оптималдуу жана пайдасы арбын гана чечимдерди сунуштоо менен өз кардарларынын кызыкчылыктарын жана талаптарын көздөйт. Биз курулушта пайдаланылуучу заманбап стандарттарга жана технологияларга таянуу менен кардарларыбыздын бардык каалоолорун эске алабыз жана алардын пландарын ишке ашырабыз. 

Биздин адистер ар бир өз алдынча этапта буйрутмачыга чечимдердин бүтүндөй комплексин сунуштоо менен долбоорлоо процессин толугу менен көзөмөлгө алууга даяр. Биз «ачкычка чейин» долбоорлорун гана ийгиликтүү ишке ашырбастан, ар кандай татаалдыктагы курулуш иштерин уюштуруу маселелери боюнча да консалтинг өткөрөбүз.
Эгерде Сизде долбоорлоо же курулуш боюнча суроолор пайда болсо жана Сиз жогорку квалификациялуу адистерден кеңеш алгыңыз келсе, чалыңыз же өз сурооңузду электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.

Биз Сизди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө дайыма даярбыз.