Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Биздин философия

Ар бир объектти долбоорлоодо жана курууда «Имарат Строй» курулуш компаниясы өзүнүн философиясын карманат. Биз дайыма биздин компаниянын узак жылдар бою курулуш иштерин жүргүзүүдөгү тажрыйбасын чагылдырган бузулгус принциптерин жетекчиликке алабыз. Биз жаңы турак жайды ар бир адамга жеткиликтүү кылууга аракеттенебиз: учурда биз курулуш материалдарынын жана комплекттей турган материалдардын сапатын четке какпоо менен эконом-класстагы турак жайларды куруу маселесин карап жатабыз. Биздин компаниянын өзүнүн бетон заводу бар жана андан улам биз андагы өндүрүштүн ар бир этабын көзөмөлдөө менен чыгарылган курулуш материалдарынын сапатына ишенебиз.

Биз сунушталган чечимдердин жана ташып келинген жабдуулардын технологиялык жана экологиялык коопсуздугу боюнча толук жоопкерчиликти алууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептейбиз. Курулуш жайларды тургузуу процессинде (баштапкы долбоорлук жана инженердик иштеп чыгуулардан тартып имараттардын курулушуна чейин) биз курулуш калдыктарын жана экологиялык кесепеттердин келип чыгуусун минималдаштырууга жардам бере турган ыкмаларды колдонобуз.  

Даниярбек Иманалиев 

«Биз имараттарды эч качан парк, токой отургузулган жана экологиялык жактан
жагымсыз жерлерге курбайбыз. Ар бир кардардын алдында биздин
абийирибиз таза жана биз курсак чын дилибизди коюп, кылымдарга тургудай
курабыз». –
Даниярбек Иманалиев, «Имарат Строй» ЖЧКнын аткаруучу директору

Шаардын курулуш инфрастуктурасын өнүктүрүү концепциясын жетекчиликке алуу менен биз батирлерди планировкалоонун ыңгайлуулугуна кынтыксыз иштелген жасалгаларга жана ойлонулган электр үнөмдөөгө, суу менен камсыздоого кам көрүп, ар бир долбоорду тыкыр ойлонобуз. «Имарат Строй» компаниясынын ишке болгон жоопкерчилиги бир нече жолу биздин буйрутмачылардын ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен белгиленген жана алар биздин ишибиздин пайдалуулугунун жана маанилүүлүгүнүн мыкты далилдери болуп эсептелет.

Биз өлкө коомчулугу алдындагы өзүбүздүн жоопкерчилигибизди толугу менен сезебиз жана өзүбүздүн шаарыбызга акы төлөнбөгөн жардам көрсөтүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн табууга аракеттенебиз. Биздин компания медициналык, билим берүүчү жана маданий мекемелерге активдүү колдоо көрсөтүүнү жана ошондой эле алардын курулушуна жана имарат жайлардын бардык зарыл элементтерин реконструкциялоого катышууну өзүнүн парзы деп эсептейт.

Биздин кесиптештердин жана буйрутмачылардын пикирлерине урматтоо менен мамиле кылуунун натыйжасында биз мыкты беделге жана жоопкерчиликтүү, ишенимдүү курулуш компаниясы болууга жетиштик. Биздин кардарларга кам көрүү жана өлкөнүн курулуш инфрастуктурасын өнүктүрүүгө умтулуу бизди жаңы бийиктиктерди багынтууга жана жалпы бактылуу келечекке умтулууга дем берет.