Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Биздин тарых

«Имарат Строй» ЖЧКсы 1996 –жылы негизделген. Өзүнүн калыптануусунун баштапкы этаптарында компания курулуш техникаларынын (жүк ташуучу автомашиналар, компрессорлор ж.б) тейлөө кызматын көрсөткөн.  Бирок тынымсыз өнүгүү менен, өлкөнүн курулуш инфраструктурасынын өнүгүүсүнө салым кошууга аракеттенип, биз 1999-жылы курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензия алдык. Биз башкы подрядчик катары катышкан «Калипсо» аквапаркынын курулушу алгачкы өз алдынча объект болуп калды. Борбор калаанын түштүк жагында тургузулган бул объекттин бүгүн Бишкектеги саламаттыкты чыңдоочу оюн зоок борборлорунун арасында татыктуу орду бар.  

2002-жылы компания Азия өнүгүү банкы тарабынан каржыланган мамлекеттик «Таза суу» программасынын алкагында тендерден утуп чыккан. Биз Кемин районунун Ак-Бекет жана Жаңы-Алыш, Аламүдүн районундагы Байтик, Кашка-Суу, орто-Алыш айылдарындагы суу өткөрүүчү тармактарды ийгиликтүү оңдоп чыктык. Жумуштарды сапаттуу аткаруу компанияга эки кабаттуу имараттарды курууга мүмкүнчүлүк берген компетенттүүлүктүн деңгээлине жетишүүгө шарт жаратты. Азыркы учурда салмактуу тажрыйба топтоо менен биз Кыргызстандын аймагында максималдуу көп кабаттуу имараттарды куруу укугуна ээ болдук.

2004-жылы, «Манас» ТЖБ тарабынан жарыяланган бир нече тендерлерге катышуу менен менен компания бир нече жолу чет элдик атаандаштарды утуп чыкты жана бул биздин курулуш рыногундагы позициябызды гана бекемдебестен, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө да аз эмес салым кошууга мүмкүнчүлүк берди. Биз 70тен ашуун ар кандай маанидеги объекттерди ийгиликтүү куруп бүтүп, пайдаланууга тапшырдык жана муну авиабазанын жетекчилиги объекттердин сапатын жана «Имарат Строй» компаниясынын ишке болгон жоопкерчилигин белгилөө менен татыктуу баалады.  

 «Манас» ТЖБнын территориясында ишке берилген негизги объекттердин кыскача тизмеси:

  1. Май кармоочу жабдуунун имараты (DFAC Grease Interceptor)
  2. Муздак сактоочу имарат (Cold Storage Facility)
  3. Самолеттор жүро турган бетон аянттар (Concrete Pads Juliet 5&6)
  4. Самолетторду оңдоочу имарат (РММ) (AGE Building)
  5. ПНСтын имараты жана суу тармактарын салуу (Construct TCA Lift Station)
  6. «Манас» ТЖБнын айланасын тосуу
  7.  HESCO Bastionдон барьер тосмолорун орнотуу (HESCO Bastion Fencing)
  8. Perscoнун имараты (Construct Persco Facility)
  9. Асфальтталган жолдор жана бетон тротуарлар
  10. Эки кабаттуу медициналык клиника
  11. «Манас» ТЖБ каржылаган Чүй областынын аймагындагы бир нече мектептердин жана бир нече социалдык объектилердин капиталдык ремонту.

«Имарат Строй» компаниясы Бишке-Ош автожолунун, борбордогу №8 балдардын музыкалык мектебинин, ошондой эле балдардын «Алтын балалык» реабилитациялоочу борборунун курулушуна активдүү катышкан. Биз Coca-Cola Bishkek Bottlers ЖАКнын заводун реконструкциялоону жүргүздүк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана борбордун ири мейманкаларынын бири Hyatt мейманканасын капиталдык ремонттон өткөрдүк.

2007-жылы биз кыска мөөнөттө ШКУнун катышуучулары болгон мамлекеттердин жетекчилеринин Бишкекте өткөн саммитине даярдануу учурунда рекорддук кыска мөөнөттө өзгөчө маанилүү бир нече курулуш-монтаждоо иштерин аткардык. Иштин сапаты жана мыкты уюштурулгандыгы жана Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Имарат Строй» компаниясы Ардак Грамотага татыган.