Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Жаңылыктар

Имарат групп ар кандай профилдеги «Имарат Групп» компаниялар Тобунун фирмалык белгисин/эмблемасын/шрифтин/логотибин иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыялайт

27.10.2016

Азыркы учурда бул беш компания: «Имарат Строй», «Имарат Прогресс», «Имарат Транс» курулуш компаниялары, алюмин жана ПВХ, терезе, эшик профилдерин чыгаруучу «Имарат Пласт» компаниясы, товардык бетон өндүрүүчү «Имарат Бетон» компаниясы жана «Имарат Трейд» газбетон блокторун өндүрүү компаниясы.

Имарат групп ар кандай профилдеги «Имарат Групп» компаниялар Тобунун фирмалык белгисин/эмблемасын/шрифтин/логотибин түзүү боюнча конкурс баштайт.

Биз буларды көргүбүз келет:

Фирмалык Белги + ассоциациянын аталышы үчүн Фирмалык Шрифт + дизайнга пайдаланыла турган фирмалык түс.

Фирмалык белги: ар кандай профилдеги компаниялар Тобун жана иш тармагын, алардын бир ассоциацияга таандуулугун бириктирет.

Фирмалык шрифт: ассоциациянын иш тармагын олуттуу жана иштиктүү стилде баса белгилеп турат. Түстөр ачык жана кабылдоого жеңил болууга тийиш.

Бренд жөнүндө:

Азыркы учурда бул беш компания: «Имарат Строй», «Имарат Прогресс», «Имарат Транс» курулуш компаниялары, алюмин жана ПВХ, терезе, эшик профилдерин чыгаруучу «Имарат Пласт» компаниясы, товардык бетон өндүрүүчү «Имарат Бетон» компаниясы жана «Имарат Трейд» газбетон блокторун өндүрүү компаниясы.

Фирмалык түстөр: биздин бүгүнкү күндө иштеп жаткан компаниялардын логотиптеринин дизайнында колдонулган ачык сары, көк, кызыл болууга тийиш.

«Имарат Групп» Ассоциациясы бүгүнкү күндө курулуш тармагында иштеп жаткан 6 компанияны камтыйт. Бирок ассоциацияга кирген компаниялар көбөйүүдө, бизди кызыктырган иш тармагы барган сайын кеңейүүдө. Ассоциация келечекте алдына чоң пландарды коет. Азырынча айтууга эрте болгон бир нече мүмкүнчүлүктөр жана милдеттер бар. Жакынкы мезгилде балким бизди айыл чарба, фармация, медициналык тейлөө, мейманкана бизнеси, бренддик кийим, тамак-аш продуктылары, ресторандык бизнес ж.б. кызыктырышы ыктымал.  

Башкача айтканда, дизайнерлерге коюла турган милдет – оригиналдуу, көп профилдүү фирмалык белгини/эмблеманы/шрифти/логотипти иштеп чыгуу.

Дизайнга болгон талаптар:

Ассоциациянын олутуулугун эске алуу менен, фирмалык белгинин окулушу жана таанымалдуулугу, ошондой эле оригиналдуулугу. Фирмалык белги кандай түстө болбосун, таанылып турган абдан глобалдуу, ар кандай аралыктан көзгө көрүнгөн, жеткиликтүү жана ачык болууга тийиш.

Дизайн эки тилде (орус жана англис) аткарылууга тийиш, башкача айтканда, ассоциациянын аталышы кириллицада жана латиницада сунушталуусу керек.

Сиздерге ассоциациянын англисче аталышындагы (Imarat Group) биринчи тамганы ыгы менен пайдалануу идеясын сунуштайбыз. Мисалы, биринчи «I» тамгасын —  №1 ге айлантса болот, анткени биз өзүбүздү Кыргызстандын курулуш рыногундагы алдыңкы компания деп эсептейбиз.