Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Жаңылыктар

«Жылдын тандоосу» эл аралык конкурсунда «Имарат Строй» компаниясы 1 орунду ээледи

3.11.2016

Жылдын тандоосу – бул Эл аралык фестиваль-конкурс, анын милдети - ар кандай товардык категориядагы мыкты товарларды жана тейлөөнү аныктоо жана аларды Кыргызстандын рыногунда андан ары да популярдаштыруу болуп эсептелет.

Жылдын тандоосу – бул Эл аралык фестиваль-конкурс, анын милдети - ар кандай товардык категориядагы мыкты товарларды жана тейлөөнү аныктоо жана аларды Кыргызстандын рыногунда андан ары да популярдаштыруу болуп эсептелет.

Долбоордун негизги максаты: ар бир номинaция боюнча жылдын лидерлерин тандоо максатында конкреттүү товардын же тейлөөнүн керектөөчүлөр жана кесипкөй эксперттер арасында сапатын жана популярдуулугун комплекстүү баалоо.

Долбоор Fеstivals International компаниясы (АКШ) жана European Marketing Foundation (Социалдык изилдөөлөрдүн Европалык фонду), Брюссель, Бельгия, European Chamber of Commerce Industry and Trade Brussels алдындагы  Европалык Соода Палатасы тарабынан демилгеленген.

Бүгүнкү күндө «Жылдын тандоосунун» өкүлчүлүктөрү Украинада, Казакстанда, Беларусь Репсубликасында, Кыргызстанда, Өзбекстанда ачылган. Долбоор ошондой эле Молдовада да өнүгө баштады.

Ийгиликтүү иштеген жылдар ичинде «Имарат Строй» компаниясы мыкты репутацияга жетип, Кыргыз Республикасынын аймагындагы алдыңкы компаниялардын бирине айланды. Муну компаниянын 2014-жылдын 17-ноябрында Бишкекте. Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Чоң залында өткөн эл аралык «Жылдын тандоосу» конкурсунун «Кыргызстандагы №1 курулуш компаниясы - 2014» номинациясында алган медалы тастыктап турат.  

Конкурстун уюштуруучулары маалымдагандай, жеңүүчүлөр компаниянын ишиндеги бардык көрсөткүчтөрдүн: курулуш жана өндүрүштүн көлөмү, пайданын жана активдердин, социалдык жардамга кеткен чыгымдардын, эмгекти коргоонун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган салым суммасындагы баллдын саны боюнча аныкталган.

Курулуштун жана жасалгалоонун жогорку сапаты татыктуу сыйлыкка ээ болгон компаниянын башынан бери эле артыкчылыктарынын бири болуп келген. Компания өнүгүү процессинде түзүлгөн учурда калыптанган принциптеринен бир да жолу тайгандыктан Кыргызстандагы ири курулуш уюмдарынын бирине айланганын сыймыктануу менен айта алат. «Имарат Строй» ЖЧКнын өнүгүүсүндөгү азыркы тендециялар да келечекке ишенимдүү кароого мүмкүнчүлүк берет.