Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Жаңылыктар

«Имарат Строй» ЖЧКнын эл аралык таанымалдуулугу

17.08.2016

Курулушчулар Күнүн майрамдоо алдынан «Имарат Строй Групп» ассоциациясы Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн арасында мыкты курулуш жана долбоорлоо уюмун аныктоо боюнча өткөн ХI Эл аралык конкурстун жеңүүчүсу болуп табылган. Бул туурасында компаниядан кабарлашты.

Акыркы жылдарда «Имарат Строй Групп» ассоциациясы ар кандай татаалдыктагы долбоорлорду зарыл болгон кепилдиктерди берүү менен мөөнөтүндө ишке ашырууга жөндөмдүү, ишенимдүү, мобилдүү жана жогорку кесипкөй компанияга айланды. Буга курулуш долбоорун ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасоо жана аткарылган иштердин жогорку сапаттуулугу жана биздин иште пайдаланылып жаткан курулуштун жана башкаруунун алдыңкы технологиялары аркылуу жетишилүүдө.

Өткөн жылы биз «12 кабаттуу «Олимп», турак үйүн», «12 кабаттуу «Премьера» турак үйүн», «12 кабаттуу «Престиж» турак үйүн», «12 кабаттуу «Эдельвейс» турак үйүн» ийгиликтүү пайдаланууга бердик, ошондой эле Нарын областынын Кочкор районунун Ак-Жар айылында «Имарат Строй» ЖЧК тарабынан рекорддук кыска мөөнөттө, 4 ай ичинде эки кабаттуу, заманбап, СНиПтин бардык талаптарына жооп берген 275 окуучуга эсептелген мектеп курулуп берилди. Мектептин курулушу бюджет тарабынан 2,5 жылдык мөөнөткө пландаштырылган эле, бирок компания 24 млн сомдун тегерегиндеги акча каражаттарын мурдараак бөлүп берүү менен бүткүл райондун элинин терең ыраазычылыгына татыды.