Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Жаңылыктар

«Имарат Групп» компаниялар тобуна кирген “Имарат Прогресс” курулуш компаниясы тарабынан Гагарин көчөсүндө жайгашкан от казандар жайынан баштап Тыналиев көчөсүндө жайгашкан биздин турак жай комплексибизге чейин эки чакырымга жакын жылуулук түтүктөрүн тарт

15.12.2017

 «Имарат Групп» компаниялар тобуна кирген “Имарат Прогресс” курулуш компаниясы тарабынан Гагарин көчөсүндө жайгашкан от казандар жайынан баштап  Тыналиев көчөсүндө жайгашкан биздин турак жай комплексибизге чейин эки чакырымга жакын жылуулук түтүктөрүн тартуу боюнча зор жумуштар аткарылды. Техникалык шарттарга ылайык Гагарин от казандар жайынан Тыналиев көчөсүндөгү ТК-100 чейин жылуулук тармактарын куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.  Долбоор менен ф325х6мм жана  ф219х5мм алдын ала обочолонгон өткөрмө түтүктөрү каралган. Өткөрмө түтүктөрдүн  диаметрлери болгон, долбоорлонуп жаткан жана перспективдүү керектөөчүлөрдүн жылуулук жүктөмүн эске алуу менен тандалган.

Долбоор боюнча жылуулук тармактарынын өткөрмө түтүктөрү түзмөктүн жана буу жана ысык суу өткөрмө түтүктөрдүн коопсуз колдонуу эрежелерине ылайык  IV категорияга кирет жана МАМСТ10704-91* жана 10705-80  боюнча ППУ ПЭ түз бирикмеси менен болоттон, электрдик ширелген, термоиштетүү менен кабыл алынып, долбоорго ылайык МАМСТ 10704-91, 10705-80 боюнча 95 °C чейин температурадагы  ф325х6мм өткөрмө түтүктөр монтаждалган.

Алдын ала обочолонгон түтүктөр өткөрмө түтүктүн кызмат мөөнөтүн 30-40 жылга чейин жогорулатууга, жылуулук жоготуулардын 10 эсе 2% чейин азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.  Жылуулукту сактоо катары жылуулукту сактоочу материалдардын арасында эң төмөн жылуулук өткөргүчтүккө ээ  пенополиуретан колдонулат. Анын калыңдыгы 50 мм жылуулук өткөргүчтүк боюнча 100 мм минералдык кебезге барабар. Бул максималдуу түрдө мүмкүн болгон жылуулук тармактарынын кубаттуулукту үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн түзө алат  Көбүк полиуретандан изоляция, монолиттик, тигиши жок, сууктун алкагын пайда кылбайт, шакардуу жана кычкыл чөйрөлөргө инерттүү, уулуу эмес жана адам үчүн коопсуз, түтүктү тышкы дат басуудан жана химиялык агрессивдүү чөйрөдөн коргойт, өткөрмө түтүктүн кызмат мөөнөтүн 30 жылга чейин же андан ашуун олуттуу узартат жана касиеттерин толугу менен сактайт. Алдын ала обочолонгон түтүктөр ажыроодо350% салыштырмалуу узаруу жана +110 °C жылууга чейин 3% ашык эмес узундугунун өзгөрүү касиеттерине ээ сапаттуу полиэтилен кабык менен корголгон.  Кабык нымдуулуктун киришинен жана механикалык таасирлерден түтүктү ишенимдүү коргойт.

Температуралык узаруулардын ордун толтуруу сильфондук компенсаторлордун (СКУ ППУ) эсебинен камсыз кылынган. Температуралык деформация шарттарында жылуулук тармактарынын туура иштеши үчүн өткөрмө түтүктөр жылбаган таянычтарга бекитилет. Жылуулук тармактарынын өткөрмө түтүктөрдү бошотуу үчүн кургатуу түзмөктөр  каралган.  Сууну төгүү жылуулук камеранын жанындагы чуңкуруна кийинки кургатуу кудукка жок кылуу менен жүргүзүлөт. Бардык жумуштар сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылат.