Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Биз жөнүндө

«Имарат Строй» ЖЧКсы 1996-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын курулуш рыногунда 18 жылдык ишинде биздин компания кеңири таанылып, жоопкердиги жана кесипкөйлүгү менен кесиптештер эле эмес, кардарлар арасында урмат-сыйга татыды. Бүгүн «Имарат Строй» 2009-жылы 10-декабрда алган I деңгээлдеги жоопкерчиликтеги КРЦ-1—2 № 03082 сериясындагы лицензиясына ээ.

«Имарат Строй» ЖЧКнын жетекчиси жана толук ээси – курулуш тармагында 40 жылдык стажы бар, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Иманалиев Бейшенбек Султанович.

Биздин компания төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • II деңгээлдеги кандай гана болбосун объекттерди долбоорлоо;
  • I деңгээлдеги имараттар менен курулуштарды ачкычына чейин баштан-аяк куруу;
  • Темир жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоо;
  • Ички жана тышкы инженердик түйүндөрдү (суу менен жабдуу, канализация жана 0,4төн 10 кВга чейин электр менен жабдуу) салуу;
  • Жылытуу системасын монтаждоо;
  • Кандай татаалдыктагы болбосун оңдоп-жасалгалоо иштери;
  • Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү эң мыкты өндүрүшчүлөрдөн курулуш жабдууларын жана материалдарын ташып жеткирүү;
  • Өнөк менен макулдашуу аркылуу курулуштардын сметаларын, документтерин курулуш ченемдери жана эрежелерине ылайык түзүү;
  • Жүк ташуучу курулуш техникасын ижаралоо кызматтарын көрсөтүү.