Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 555-999
0555 777-999
0776 777-999

«Имарат Строй» ЖЧКнын башкы директору

Иманалиев Бейшенбек Султанович

Бейшенбек Султанович Иманалиев – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, Нарын шаарынын ардактуу атуулу, кесипкөй куруучу, ийгиликтүү ишкер, коомдук ишмер жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту. Учурда Иманалиев Б.С. «Имарат Строй» ЖЧКнын Башкы директору жана республикалык «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти

Эмгек жолу

1976-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктагандан кийин Иманалиев Бейшенбек Султанович эмгек жолун Ысык-Көл МСОнун мастери болуп иштөөдөн баштаган. Жаңы иш ордунда эмгекчилдигин жана аткаруучулук жөндөмүн көрсөткөндөн кийин курулуш бригадасынын прорабдык кызматына дайындалган жана 1977-жылдын август айынан тарта Жети- Өгүз райондук «20 000 баш кой чарба комплексиндеги» темирбетон конструкцияларын монтаждоо иштерин өз алдынча жетектеген. Аталган объект областтагы эң маанилүү курулуш объекттеринин бири болгондуктан, анын эмгеги Кыргызстан ЛКЖСМ жана КПнын Ысык-Көл обкомдору тарабынан жогору бааланган.

1978-жылы Бейшенбек Султанович Кочкор МСОсуна которулуп, ал жерде 50 адамдан турган «Тянь-Шань» комсомолдук-жаштар отрядын уюштурган. Прораб катары Иманалиев жетектеген коллектив эмгектеги жогорку көрсөткүчтөрү менен таанымал болгон, Иманалиевдин сүрөтү болсо узак убакыт райондун «Ардак Тактасында» илинип турган жана ал Кыргызстан ЛКЖСнын XXI съездине делегат болуп шайланган. Иманалиев Б.С. тарабынан курулуштун алдыңкы технологияларын колдонуунун натыйжасында Кочкор районундагы айыл чарба объектилеринин курулушунда алгачкы жолу темирбетон конструкцияларын монтаждоо ишке ашырылган жана бул ыкма курулуштун өздүк наркынын көрсөткүчтөрүн жогорулатып, объекттерди куруу мөөнөтүн кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Бейшенбек Султанович өзүнүн активдүүлүгү, эмгекчилдиги жана демилгелүүлүгү менен өндүрүштүк жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1988-жылы ал башкы курулуш инженери болуп дайындалган, 1996-жылдан тарта «Райсельремстрой» башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалып, курулуш иштери менен гана эмес, райондун бүткүл аймагын суу менен камсыздоо иштери менен да алектенген. Б.С. Иманалиевдин ишмердүүлүгүн Кыргызстан компартиясынын Кочкор райондук комитети жана анын биринчи катчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Акназаров Корчубек Акназарович тарабынан жогору бааланган.

1978-жылдан 1996-жылдарга чейинки мезгил аралыгында Б.С. Иманалиев ар кандай жооптуу кызматтарды аркалоо менен төмөнкү курулуштарга жекече катышкан:

  • Чолпон жана Ормон Хан айылдарындагы 2 мектептин курулушуна (алардын ар бири 1000 окуучуга эсептелген);
  • беш балдар бакчасынын курулушуна;
  • жалпы аянты 6680 м² турак жайлардын курулушуна;
  • жалпы аянты 1820 м² чабандардын үйлөрүнүн курулушуна;
  • Кочкор айылындагы райондук оорукананын курулушуна;
  • 18600 кой башына эсептелген кой чарба комплексинин жана маданий –коомдук ондогон башка социалдык маанидеги объекттердин курулушуна.

1996-жылы Иманалиев Б.С. 200дөн ашуун адистерди жаңы иш орундары менен камсыз кылган курулуш компаниясын - «Бабай-Ата» ЖЧКсын негиздеген (азыркы «Имарат Строй» ЖЧКсы). «Имарат Строй» ЖЧКсы жыл сайын салык түрүндө гана Кыргыз Республикасынын казынасына 5,9 млн. сомдон кем эмес төлөмдөрдү чегерет.

Бейшенбек Султанович мыкты жетекчинин жана чыныгы лидердин бардык сапаттарына ээ: ал ар бир кызматкерге сыйлоо менен мамиле жасай билген өз өлкөсүнө жана өз элине берилген патриот. Ал бүгүнкү күндөгү заманбап рыноктук шарттарда ата мекендик курулуштун пайдубалын бекемдөөгө катышуу менен жаш инженердик-техникалык жана кесипкөй жумушчу кадрларды даярдоого болгон аракетин жумшоодо.

Жалпы сый урматка Бейшенбек Султановичтин көп жылдык талыкпаган үзүрлүү эмгеги гана эмес, анын кайрымдуулук иштерге кошкон татыктуу салымы да татыктуу болууда.  Иманалиев Б.С. Кочкор айылындагы жолдордун жана мечиттин курулушуна кыйла каражаттарды бөлүп берген, бүгүнкү күндө ал колунда жок жарандарга да туруктуу материалдык колдоо көрсөтүп келүүдө.

Сыйлыктары:

  • «Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн» төш белгиси;
  • «Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгиси;
  • «Мустафа Кемаль (Ататюрк)» Эл аралык фондунун алтын медалы ;
  • Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Ардак Грамотасы;
  • ВЛКСМ БКнын Ардак Грамотасы;
  • КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы;
  • Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы;
  • Бишкек шаар мэриясынын Ардак Грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы.

Наамдары жана белгилери:

  • Кыргызстан ЛКЖС БКнын 21- съездинин делегаты;
  • райондук жана айылдык кеңештердин үч жолку депутаты;
  • Кыргыз Республикасынын эки жолку Ардактуу куруучусу;
  • КРнын муниципалдык кызматынын отличниги;
  • Жылдын мыкты ишкери (Бишкек шаар мэриясы тарабынан 2007-жылы, өкмөттүк «Эркин-Тоо» газетасы тарабынан 2008-жылы жана жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» газетасы тарабынан 2009-жылы таанылган).

2005-жылдан тарта «Эркин тоо», «Кыргыз Туусу» жана башка басылмалар тарабынан бир нече жолу «Жылдын адамы» наамына татыган.