Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 555-999
0555 777-999
0776 777-999

«Имарат строй» ЖЧКнын аткаруучу директору

Иманалиев Даниярбек Бейшенбекович

Даниярбек Бейшенбекович Иманалиев курулуш тармагында 2004-жылдан бери иштеп келатат. КГУСТАнын шаар курулушу жана чарбалык факультетин аяктагандан кийин Иманалиев Д.Б. эмгек ишмердүүлүгүн Манас ЖТБнын территориясындагы 70тен ашуун курулуш объектилеринин жетекчи кызматынан баштаган.

Д.Б. Иманалиевдин ишти мыкты уюштура билген жөндөмдүүлүгү жана бирдиктүү аракеттерден улам бардык объектилер өз мөөнөтүндө ийгиликтүү аяктаган, ал эми «Имарат Строй» компаниясы «Манас» ЖТБнын жетекчилигинин бир нече жолку алкышына татыктуу болгон. 

Татаал жана ылдам чечимдерди өзүнө ала билген Иманалиев Д.Б. курулуш тармагындагы бийик кесипкөйлүк деңгээлге жетишкен. Ишке болгон жооптуу мамилесинен жана иш билгилигинен улам ал кесиптик мыкты кадыр-баркка гана эмес, Кыргызстандын курулуш инфрастуктурасынын өнүгүүсүнө да кыйла салымын кошо алды.

Сыйлыктары:

  • Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы;
  • Бишкек шаар мэриясынын Ардак Грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Ардак Грамотасы;