Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Подряддык иштер

«Калипсо» аквапаркы - компания башкы подрядчик катары катышкан алгачкы өз алдынча объект. Анын азыр борбордогу архитектуралык кереметтер арасында татыктуу орду бар. «Имарат Строй» ЖЧК Бишкек - Ош автожолунун курулушуна түздөн түз катышкан, андан тышкары көпүрө, конок үй жана кафе курууда тажрыйбага ээ.

Башкы подрядчик катары компания төмөнкү долбоорлор үстүнөн иштеген:

2001-жыл

  • «Хайят» конок үйүнүн оңдоо-жасалгалоо иштери

2002-жыл

  • Балдардын «Алтын-Балалык» реабилитациялык борборунун курулушу, Бородино, 1 көчөсүндөгү имаратты жаңылоо
  • Кочкор айылында райондук оорукананын тазалоо жабдуусунун курулушу
  • Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода дүкөнү
  • ADB (айылды суу менен жабдуу схемасы) долбоорун өнүктүрүү жана кайра жаңылоо,  Кемин районундагы Ак-Бекет, Жаңы-Алыш; Аламүдүн районундагы Байтик, Кашка-Суу жана Орто-Айыш айылдары

2003 – 2005-жылдар

  • Ысык-Көл боюндагы «Зымырыт жээк» пансионатынын курулушу

2004-жыл 

  • «Бета-Сторес» соода комплексинин жасалгалоо иштери
  • Калык Акиев көчөсүндөгү «Балтика» кафесинин курулушу
  • Геология, 5 көчөсүндөгү 5 кабат имаратты ачкычына чейин куруп тапшыруу

2006-жыл

  • Бишкек, Жалал-Абад, Кант жана Балыкчы шаарларында Газпром -мунайзат базаларынын тосмолоо долбоору

2007-жыл

  • Чыгыш-5 кичирайонунда музыкалык мектептин курулушу

2008-жыл

  • «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводун кеңейтүү

2003 – 2005-жылдары компания Азия кайра куруу жана өнүктүрүү банкы каржылаган «Айыл суу жабдуу» долбоору боюнча иштер. Бул программа алкагында «Имарат Строй» фирмасы тарабынан  Кемин районундагы Ак-Бекет, Жаңы-Алыш; Аламүдүн районундагы Байтик, Кашка-Суу жана Орто-Айыш айылдарындагы суу өткөргүч түйүндөрүндө капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

2004-жылдан тарта «Имарат Строй» «Манас» эл аралык  аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбору (ТЖБ) менен тыгыз иштешип келди. Ошондон тарта компания ТЖБ менен бирге 30 долбоорду, анын ичинен 10 ири объектини ишке тапшырды, алар:

  • HESCO тоскоолдуктардан турган тосмолорду куруу, 1,6 км;
  • «Рабица» торлору менен тосмолорду куруу, 5,8 км;
  • «PAX TERMINAL» имаратынын пайдубалын куруу;
  • «AGE BUILDING» сыноо-эксплуатациялык имараты;
  • Насос станциясын куруу жана кайра жаңылоо, жаңы суу түтүк линиясын салуу;
  • «COLD STORAGE» муздаткыч сактоочу имараттын курулушу;
  • Кинолог-ит үйрөтүүчүлөр үчүн «DOG KENNELS» питомнигинин курулушу, имарат төрт блоктон турат;
  • «COMM», «MXG», «BAN HAUSE» объекттеринде электр кабелдерин, канализация, ички жана тышкы суу түтүк линияларын өткөрүү;
  • Учуучу-конуучу тилкенин алдында диаметри 3 метрден ашык келген суу түтүктөрүнүн баштарында ачылуучу тосмолорду куруу;
  • «TCA» аймагында жогорку чыңалуудагы кабелдерди салуу жана электр жабдыктарын өткөрүү;
  • ОВД (КАН, «Манас» эл аралык аба майданы) мунарасында абдан бышык айнектер менен алюминий профилиндеги тезезелерди орнотуу жана жасалгалоо иштери.

Транзиттик жүк ташуу борборун кеңейтүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ыкчамдыгы үчүн компания аскер базасынын жетекчилиги тарабынан  бир нече жолу жогорку бааларга жана мактоолорго татыган.