Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Сунушталган тейлөөлөр

«Имарат Строй» ЖЧКсы 1996-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын курулуш рыногундагы он сегиз жыл ичинде компания өз жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү менен кесиптештер арасында да, буйрутмачылар арасында да кадыр-баркка жетишип, таанымал боло алды. Бүгүнкү күндө Имарат Строй жоопкерчилик деңгээлинин 2009-жылдын 10-декабрындагы КРЦ-1—2 № 03082 I сериясындагы лицензияга ээ.

Биздин компания тейлөөнүн төмөнкү түрлөрүн көрсөтүү менен алектенет:

  • II деңгээлдеги ар кандай объектилерди долбоорлоо;
  • I деңгээлдеги имараттардын жана курулуш жайлардын «ачкычка чейинки» капиталдык курулушу;
  • Металл жана темирбетон конструкцияларын монтаждоо;
  • Ички жана тышкы инженердик тармактарды (суу менен камсыздоо, канализация жана 0,4төн 10 кВтка чейин электр менен камсыздоо) салуу;
  • Жылуулук системасын монтаждоо;
  • Ар кандай татаалдыктагы ремонттоп-жасалгалоо иштери;
  • Алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин мыкты өндүрүшчүлөрүнүн жабдууларын жана курулуш материалдарын ташып келүү;
  • Өнөктөш менен макулдашуу боюнча курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык курулуш жайлардын сметасын, документациясын жана долбоолорун түзүү;
  • Жүк ташуучу курулуш техникасын ижарага берүү боюнча тейлөө көрсөтүү ж.б.