Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

Ипотекалык программа

Имарат Курулуш менен Демир Банктын биргелешкен ипотекалык программасы

Ипотека сом менен, жылдык 16,5% пайыз менен 5 жылга чейинки мөөнөттө.

Ипотеканын артыкчылыгы анык, анткени ал кыймылсыз турак жай мүлкүн алыскы келечекте эмес, азыр сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ипотекалык кредит батирди каражаттардын бир бөлүгү болгондо гана сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Колуңузда кыймылсыз мүлктүн наркынын 30%ызы болсо, калган 70%ызын банктан карызга алууга болот.

Ипотеканын негизги артыкчылыктары

Ипотеканын жардамы менен сиз төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк аласыз:

  • турак жайды менчикке алууга жана жаңы батирге кыска мөөнөттө көчүп кирүүгө;
  • ай сайын төлөмдөрдүн өлчөмү өзгөрбөгөн жана батирдин наркынын өсүүсүнө көз каранды болбогон узак мезгилге кредит алууга;
  • кредиттин пайызы башка турак жайга ай сайын ижара төлөө менен барабар болгон чоочун турак жай аянтын ижаралоого эмес, өз батириңизди төлөөгө;
  • ипотекалык кредит боюнча сатып алып жашап жаткан батириңизде үй-бүлөңүз менен каттоого турууга;
  • каражаттарды пайдалуу жумшоого (турак жайга баалар жылына 15-30%ызга туруктуу, кээде 70%ызга өсүүдө);

Албетте, кредитти алгандан кийин аны үстөк пайызы менен кайтаруу керек жана бул аларман үчүн турак жайдын акыркы наркын кымбаттатат. Бирок кыймылсыз мүлккө баалардын өсүшү бул чыгымдарды «актайт».

Курулуп жаткан турак жайды ипотекага алуунун оң жактары

  • Баштапкы рыноктогу турак жайды сатып алууда ипотекалык кредиттин башкы артыкчылыгы курулуп жаткан турак жай пайдаланууга берилген даяр турак жайдын баасынан дайыма кыйла ылдый болоорунда. Айырма 30%ызга чейин жетиши мүмкүн.
  • Курулуп жаткан турак үйдөн батир алуу менен сиз күмөн тарыхы жок, юридикалык таза турак жайга ээ болосуз. Сатып алуу учурундагы жадатма текшерүүлөрдөн жана титулдук камсыздандыруунун зарылчылыгынан арыласыз.
  • Жаңы конуштарды планировкалоо оптималдуу жана заманбап. Курулуш этабында сиз ар кандай планировкаларды карап чыгып, туура келген вариантты тандап ала аласыз.