Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

«Премьера» турак үйү

«Премьера» турак үйү

«Премьера» турак үйү - бул классикалык стилдеги жылуу түс гаммасындагы таасир этүүчү фасад (натуралдуу сары таш менен венециандык шыбактын комбинациясы) жана өзүнүн кооздугу, шаңдуулугу менен таң калдырат.

Үйдүн Ж. Бөкөнбаев жана К. Акиев көчөлөрүнүн ортосундагы ыңгайлуу жайгашышы жана өнүккөн инфраструктурасы сизге убактыңызды натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Турак жай жайгашкан район эс алууга да жакшы мүмкүнчүлүк берет, бул М. Гвардия сейил багынын, шаардык Дельфин бассейнинин, Октябрь кинотеатрынын, соода-оюн зоок борборлорунун сейилдөөчү аллеялары.

«Премьера» турак үйүнүн техникалык артыкчылыктары туурасында айтуу менен үй шаар куруунун заманбап талаптарын эске алуу менен долбоорлонгонун белгилей кетүү керек. Ар бир подъезд үнсүз ылдам жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдүн лифтилери менен жабдылмакчы жана аларга лифтилердин үзгүлтүксүз иштешине мүмкүнчүлүк берген генераторлор орнотулмакчы.

Тургундардын коопсузудугу үчүн тосулган территория, ар бир батирге домофондорду орнотуу менен подъезддерге брондолгон эшиктер, ошондой эле сутка бою байкоочу жабдууларды орнотуу каралган. Үйдүн астында паркинг жайгашкан жана андан лифт менен үйдүн керектүү кабатына жетип алууга болот.

Үйдө жалпысынан 72 батир долбоорлонгон. Батирлердин бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү планировкаларынын түрлөрү жана ошондой эле үч бөлмөлүү батирден алты бөлмөлүү батирге чейинки эки деңгээлдүү пентхауздардын планировкаларынын түрлөрү жеткиликтүү. Мындан тышкары, биз батириңиздин планировкасын сиз каалагандай түрдө кошумча өзгөртүп бере алабыз.

Үйдүн тегерегиндеги территория да көрктөндүрүлөт: газондор, жалбырактуу бактар отургузулат, отургучтар коюлат, балдар үчүн көп функциялуу заманбап жана коопсуз ойноочу комплекс орнотулат.

Объекттин мүнөздөмөсү

  • Курулуштун башталышы: 2013-ж., сентябрь
  • Курулуштун аякташы: 2014-ж., октябрь
  • Кабаттардын саны: 12
  • Подъезддердин саны: 2
  • Материалдары: темирбетон каркасы, толтурулушу - кыш.

Батирлер төмөнкүлөр менен жабдылган:

  • Борбордук жылуулук
  • Жаратылыш газы
  • Ысык жана муздак суу
  • Домофон
  • Батирлерди жана подъезддерди резервдик жарык кылуу
  • Добушсуз ылдам лифттер
  • Кабелдик телевидение
  • Ар бир батирде жогорку ылдамдыктагы интернет.

Турак үй ошондой эле буларды камтыйт:

  • Ыңгайлуу пландаштырылган ички короо
  • Жер асты паркинги
  • Балдар ойноочу аянт

Имараттын жалпы көрүнүшү

Батирлердин планировкасы

«Премьера» турак үйү картада