Биз келечекти курабыз!
Башкы кеңсе
0312 42-90-02
Сатуу кеңсеси
0312 55-59-99
0555 77-79-99

«Версаль» турак үйү

«Версаль» турак үйү

«Версаль» — бул концептуалдык жаңы жашоо образына арналган заманбап 13 кабаттуу турак үй. «К -Жетиген» архитектуралык фирмасы турак үйдүн ар бир деталын иштеп чыккан. Долбоордун аты эле айтып тургандай, мында анын концепциясы – архитектурадагы жана дизайндагы Франциянын романтикалык жана кооз белгилери шөкөттөлгөн көркөм стили салынган.

Людовик XIVнүн стили актуалдуу болууда жана биздин калаанын реалдуулугуна айланууда. Биздин көз алдыбызда француз искусствосунун «Алтын кылым» стилинде салынган Франциянын тарыхындагы көрүнүктүү мезгилдердин бириндеги көркөм стилдеги түбөлүк суктана турган сарайдын бир бөлүгү турат. «Версаль» турак үйүндө визулдык стилистика гана эмес, форманын жана түстүн кылдат гармониясы, натуралдык таштын табигый кооздугу да сакталган, фасаддардын сыпайы кооздугу бул стилдүү үйдү искусствонун чыныгы чыгармасына айландырат.

Ал легендарлуу Версаль сарайы сыяктуу эле жүздөгөн жылдарга эсептелген. Жаңы турак үй өзүнө дүйнөлүк тендециялар менен бир катар уникалдуу чечимдерди камтыйт жана эң сынчыл кардардын талаптарына жооп берет. «Версаль» турак үйү Орозбеков көчөсү 17 дареги боюнча жайгашып, Чокморов көчөсү менен кесилишкен жана калаанын борборундагы жаңы архитектуралык шедевр болуп калмакчы.

Характеристики объекта

  • Курулуштун башталышы: 2014-ж.
  • Кабаттардын саны: 13
  • Подъезддердин саны: 1
  • 3-төн 11-ге чейин типтүү кабаттар
  • 12-13 –кабаттар — эки деңгээлдүү пентхаус
  • Материалдары: темирбетон каркастары, толтурулушу – кыш.
  • Фасаддын жасалгасы: натуралдык сары таш, мрамор

Батирлердин төмөнкүлөр менен жабдылган:

  • Борбордук жылуулук
  • Жаратылыш газы
  • Ысык жана муздак суу
  • Алюминден панорамалык витраждар
  • Домофон
  • Батирлерди жана подъезддерди резервдик жарык кылуу
  • Добушсуз ылдам лифттер
  • Кабелдик телевидение
  • Ар бир батирде жогорку ылдамдыктагы интернет.

Турак үй ошондой эле буларды камтыйт:

  • Ыңгайлуу пландаштырылган конок авто токтотуучу жайы бар ички короону
  • Жер асты паркингин
  • Вестибюль, консьерж кызматын
  • Импорттук балдар ойноочу аянтты
  • 3 деңгээлдик коопсуздук системасы

Имараттын жалпы көрүнүшү

Батирлердин планировкасы

«Версаль» турак үйү картада